«Манас» ПКО
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Манас» Президенттик камералык оркестри 1999-жылы түзүлгөн. 2001-жылдын апрель айында мамлекет башчысынын буйругу менен оркестрге «Президенттик» макамы ыйгарылган.
Оркестрдин курамында КР эмгек сиңирген артисттери, республикалык жана эл аралык конкурстардын лауреаттары, ошондой эле Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын, Гнесиндер атындагы Россия музыка академиясынын жана башка чет элдик музыкалык жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү бар.
«Манас» расмий жана протоколдук иш-чараларды коштоп гана тим болбостон, дүйнөлүк классиканын шедеврлерин, ошондой эле заманбап композиторлордун чыгармаларын аткаруу менен ар тараптуу концерттерди өткөрөт. Оркестр толук курамда, ошондой эле квартет же квинтет түрүндө концерттерди берет, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген ар кандай жамааттар жана артисттер менен биргеликте (коллаборацияда) сахнага чыгат.
Оркестрдин директору Асылбашев Калыйбек Шаршеналиевич, директордун орун басары жана көркөм жетекчиси (дирижёр) кызматын Осмонов Медет Марифович ээлейт.