Шрифттин өлчөмү
Интервал
Сүрөттөр
ky ru

"Манас" ПКО

"Манас" Президенттик камералык оркестри – Кыргыз Республикасынын камералык оркестри "Манас", 1999-жылы түзүлүп, 2001-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Буйругу менен "Манас" оркестрине "Президенттик" деген статусу берилген.
Бүгүнку күнү оркестрдин курамында – Эмгек сиңирген артисттер, Республикалык жана Эл аралык сынактардын лауреаттары, ошондой эле К. Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын студенттери жана бүтүрүүчүлөрү. Алар үчүн оркестр кесиптик база даярдоодо ишенимдүү кызмат кылат. Оркестрдин миссиясына протоколдук иш-чараларды тейлөө, ошондой эле классикалык музыканы жайылтуу жана Кыргызстанда камералык аткаруучулукту өнүктүрүү кирет.
Оркестр менен кызматташкан композиторлор жана аткаруучулар: СССРдин Эл артисти Самара Токтахунова, Кыргыз Республикасын Эл артисти Мурат Бегалиев, Кыргыз Республикасын Эмгек синирген артисти Нурланбек Нышанов, Дмитрий Горновский (Германия), Казахстан Эмгек синирген ишмери Амир Тебенихин (Казахстан), Виктор Ослунд (Швеция), Ашу (США), Гернот Винишхофер (Австрия), Казахстан Республикасынын Г. Жубанова атындагы Мамлекеттик кылдар квартети, Талгат Каримов (Казахстан), Кыргыз Республикасын Эл артисти Эльвира Асанкулова, Кыргыз Республикасын Эмгек синирген артисти Чырмаш Торобеков, Кыргыз Республикасын Эмгек синирген артисти Садырбек Жумашев, Эл аралык конкурстардын лауреаты Руслан Жумабаев, Кыргыз Республикасын Эл артисти Талгар Жакшылыков, Телек Найманбаев жана башкалар.
Оркестрдин репертуары ар кылымдын чыгармасын, бароккоддон тартып заманбап композиторлордун чыгармаларын камтыйт.
Оркестрдин даярдануулары Агропромдун имаратында өтөт, дареги: Киев көчөсү 96Б.