22.05.2025
Кароолор: 15
Классика менен роктун жолугушуусу: Бишкекте “Рок жана классика: карама-каршылыктардын гармониясы” аттуу уникалдуу концерт өттү

16-май күнү А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өзгөчө музыкалык кеч өткөрүлдү — “Рок жана классика: карама-каршылыктардын гармониясы” концерти. Президенттик “Манас” оркестри маэстро Медет Осмоновдун жетекчилиги астында көрүүчүлөргө роктун энергиясы менен классикалык музыканын улуулугу айкалышкан музыкалык кеч тартуулады.
Музыкалык эксперимент чыныгы триумфка айланды: Бетховен, Вивальди, Паганини, Альбинони жана Карл Женкинстин чыгармалары Queen, Metallica, Rammstein, Imagine Dragons, Coldplay, Linkin Park жана The Beatles сыяктуу белгилүү рок-топтордун хиттери менен диалог түзүп жаңырды.
Концерт MEGA компаниясынын демөөрчүлүгү менен өткөрүлдү.